Кыргыз Республикасында радиожыштык ресурстарын бөлүп берүү үчүн кандай критерийлер жана талаптар белгиленген?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы №754 токтому менен бекитилген Радио жыштык спектрин пайдалануу боюнча ишти лицензиялоо жөнүндө жобонун (мындан ары – Жобо) 28-пунктуна ылайык, радио жыштык спектрин пайдаланууга лицензиялар коммерциялык кызыкчылыкта тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча же арыз боюнча берилиши мүмкүн. Тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүү шарттары Лицензия берүүчүнүн буйругу менен бекитилет.

Жобонун 29-пунктуна ылайык, тоорукта сатыла турган коммерциялык кызыктыруучу радио жыштык ресурсу радио жыштык номиналдарына жана/же тилкелерине жараша Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын протоколдук чечими менен аныкталат.

Жобонун 30-пунктуна ылайык, радио жыштык ресурсу мамлекеттик органдардын, мамлекеттик телерадио уюмдардын, мамлекеттик телерадиоберүүлөрдү трансляциялоо үчүн электр байланыш операторлорунун пайдалануусу үчүн арналган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын тиешелүү чечими болгондо радио жыштыктарды тоорук өткөрбөстөн бөлүп берүүгө мүмкүн болгон учурларда гана лицензиялар арыздын негизинде тоорук өткөрүлбөстөн берилет.