Техникалык байланыш жабдууларын сертификациялоо процедурасын өтүү үчүн кандай документтер талап кылынат?

Улуттук мыйзамдарга ылайык байланыштын техникалык каражаттарын сертификациялоо процедурасын жүргүзүү үчүн
Арыз ээси:
– белгиленген стандарттагы продукцияларды сертификациялоо жүргүзүүгө өтүнмө берет;
– сертификациялоо схемасын тандайт;
– сертификациялоо боюнча иштердин, сыноо жүргүзүүнүн жана инспекциялык контролдоонун (сертификациялоо схемасында талап кылынса) наркын төлөйт;
– төмөнкүдөй документтерди берет:
а) өндүрүштүн абалын талдоо схемасы үчүн – даярдоочунун техникалык документтерин (конструктордук, технологиялык, эксплуатациялык ж.б.);
б) сапат системасына документтерди (бар болсо) жана сертификациялоо схемасына жараша башка документтерди;
в) продукцияларды жеткирүүгө контрактты (зарыл болсо);
г) товарды коштоочу документтерди – ташылып келүүчү продукциялар үчүн (анын ичинде мунай продуктулары үчүн: партиянын заводдон чыккан номерин жана жөнөтүлгөн партиянын өлчөмүн көрсөтүү менен белгиленген үлгүдөгү товардык транспорттук накладной; өндүргөн өлкөнүн коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча сертификациялоо жөнүндө ырастоону көрсөтүү менен сапат паспортун же сертификаттын кармоочусунун же шайкештик сертификатын берген СОнун мөөрүнүн оригиналы менен же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн шайкештик сертификатынын көчүрмөсүн);
д) продукциялардын шайкештигин ырастаган документтерди (эгерде арыз ээси сертификациялык сыноонун кыскартылган программасы боюнча сертификациялоого талапкер болсо): шайкештик сертификатын (түп нуска же аны берген аккредитацияланган СО тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө), продукциялардын коопсуздук талаптарына шайкештигин ырастаган аккредитацияланган ата мекендик же чет өлкөлүк сыноо лабораториялары тарабынан жүргүзүлгөн сыноолордун протоколун (түп нуска же сыноолорду жүргүзүү мөөнөттөрүн эске алуу менен аны берген аккредитацияланган лабораториялар тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);