Юридикалык тараптар онлайн каттоо үчүн өздүк кабинетин ачууда кандай документтер берилет?

Өздүк кабинетин каттоо үчүн юридикалык тараптар төмөнкү документтерди берүү керек:
  •  КР СӨМ караштуу ККД директорунун наамына кат жазуу менен төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек: ФАА, ИЖН жана юридикалык тараптын жетекчисинин дареги, юридикалык тараптын дареги, юридикалык тараптын негизги иш багыты, сайт менен иштөө үчүн мобилдик же жумушчу телефондорунун номери, юридикалык тараптын же ишенимдүү адамдын электрондук почтасы, ишенимдүү адамдын ФАА, ээлеген кызматы жана дареги.
  • КР Юстиция министрлиги тарабынан берилген юридикалык тараптын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү (JPEG форматында).
  • Өкүлгө берилген ишеним кат (JPEG форматында).
  • Ишеничтүү адамдын паспорту (JPEG форматында).
  • Техникалык, санитардык жана башка талаптарга жооп берген, көрсөтүлгөн даректе чет өлкөлүк жарандар убактылуу жашап турууга мүмкүндүк берген турак-жайдын же башка имараттын техникалык паспорту.
  • Турак-жайдын же башка имараттын техникалык паспорту (JPEG  форматында).
Өздүк кабинети каттоодон өткөрүлгөндөн кийин Департаменттин кызматкери юридикалык тараптын электрондук почтасына жана мобилдик телефонуна өздүк кабинетке кирүү үчүн паролду жана ПИН-код жиберет.