Уруксат алуу үчүн жеке ишкерлер кайрылганда кайсы документтерди тапшыруу керек?

– Форма боюнча өтүнүч кат;
– эгерде визасыз режим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрү, колдонуудагы визасы бар жана/же чет өлкөлүк жарандын каттоо эсеби жөнүндө маалыматы бар чет өлкөлүк паспорт, же болбосо чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын каттоо эсеби менен жашап турууга уруксат, же болбосо көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
– 16 жаш куракка чыга элек адамдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же жалпы жарандык паспорту.
– эмгек ишин ырастаган документ;
– эмгек максатында чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирген адамдар үчүн чек арага жакын аймакка же чек ара тилкесине кирүү максатын ырастаган документ.