Ата-энелеринде (ата-энесинин биринде) алардын ким экендигин ырастоочу документтер жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо жүргүзүлөбү?
Ата-энелеринде (ата-энесинин биринде) алардын ким экендигин ырастоочу документтер жок болгон учурда баланын туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо баланын туулгандыгы тууралуу арыздын жана туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актыларынын электрондук жазуусуна тиешелүү белги коюлат.
Баланын туулгандыгынын фактысын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата жүргүзүлөт.