Баланын туулгандыгын каттоодо дароо ПИН алууга болобу?

Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо ага бир эле учурда идентификациялык жеке номер ыйгарылат. Жеке идентификациялык номер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарылат.
Адамдарда идентификациялык жеке номерлер жок болгон учурда жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн арыз берүү ушул Мыйзамдын 13-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан мындай адамдарга идентификациялык жеке номерлерди ыйгарылгандан кийин жүзөгө ашырылат.