Ата-энесинин (атасынын же энесинин) документтери жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата кайсыл документтердин негизинде жүргүзүлөт?

Ата-энесинин (атасынын же энесинин) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо бир жашка чейинки балдарга карата төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
– бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалым каттын;
– никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) – КБМРде маалымат жок болгон учурда.
Туулгандыгы тууралуу жарандык абалдын актысын ырастоо иретинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет. Мында жарандык абалдын актысынын электрондук жазуусунда тиешелүү белги коюлат.