Бир жашка чыккан жана андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо кандай документтердин негизинде жүргүзүлөт?

Бир жашка чыккан же андан ашкан баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт:

– ата-энесинин (ата-энесинин биринин);

– жакын тууганынын;

– балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн;

– камкорчулук жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгон учурда камкорчунун;

– он алты жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу медициналык маалым катты тиркөө менен баланын өзүнүн;

Ошондой эле туулгандыгы тууралуу медициналык маалым кат жок болгон учурда туулгандыгынын фактысын аныктоо жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде.