Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча туулгандыкты мамлекеттик каттоо кандай документтердин негизинде жүзөгө ашырылат?

Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүргүзүлөт:
– төрөт болгон саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген белгиленген үлгүдөгү баланын туулгандыгы тууралуу маалым каттын же болбосо медициналык мекемеден тышкары төрөлгөндө врач же медициналык башка кызматкер, саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалым каттын;
– ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгүнүн жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишеним катынын;
– ата-энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин (КБМРде жок болгон учурда);
– никелешүү тууралуу күбөлүктүн (бар болсо) – КБМРде маалымат жок болгон учурда.
Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өтүнүчү боюнча катталган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү акысыз негизде берилет.
Эгерде баланын ата-энесинин экөө тең белгисиз болсо, баланын аты, фамилиясы, атасынын аты балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн көрсөтмөсү боюнча жазылат.