Баланын аты-жөнүн “тегин”кошуп жазса болобу?

Кыргыздын улуттук салттары боюнча баланын фамилиясы төмөнкүдөй жазылышы мүмкүн “тегин” деп кошуу менен чоң атасынын аты боюнча (мисалы: Бактыбек тегин Асан (Алина), ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын атын кошууда эркек жынысындагы балдар үчүн “уулу” (мисалы: Бактыбек тегин Асан Таалайбек уулу) жана аял жынысындагы балдар үчүн “кызы” (мисалы: Бактыбек тегин Алина Таалайбек кызы). Түздөн-түз туугандык байланышын ырастоочу документтер болгон учурда же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде болгон учурда ата-энесинин каалоосу боюнча баланын фамилиясы жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча берилиши мүмкүн