Жашы жете элек эненин баласынын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн документтердин тизмеси кандай?

Жашы жете элек эненин баласынын туулгандыгын мамлекеттик каттоо төмөнкүдөй документтер берилгенде жүргүзүлөт:
– эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү күбөлүк (бар болсо);
– эненин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда эненин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү – КБМРде маалымат жок болгон учурда;
– эненин атасынын же энесинин жана/же ата-энесинин, же болбосо камкорчусунун баланын туулгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастоосу.