Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн документтердин тизмеси кандай?

Баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

–  ата-энесинин бири, жакын тууганы же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген электрондук түрдө белгиленген үлгүдөгү арыз;

–  бала төрөлгөн саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу белгиленген үлгүдөгү маалымкат же бала медициналык мекемеден тышкары төрөлгөн учурда ыйгарым укуктуу саламаттык сактоо органы, дарыгер же башка медициналык кызматкер тарабынан берилген туулгандыгы тууралуу маалымкат;

–  баланын ата-энесинин же алардын биринин ким экендигин ырастоочу документтери же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин ырастоочу документтери (КБМРде жок болгон учурда);

–  балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өтүнүчү боюнча жакын тууганынын ким экендигин ырастоочу документтер;

–  никеге туруу тууралуу күбөлүк (КБМРде жок болгон учурда);

–  ата-энеси (же ата-энесинин бири) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган бала чет мамлекетте төрөлгөн учурда, бала төрөлгөн фактысын ырастоочу чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документ (туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат, реестрден көчүрмө, туулгандыгы тууралуу сертификат жана башкалар);

–  баланын жашына карабастан төрөлгөн фактысын белгилөө жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими – туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк жок болгон учурда.