Баланын энеси менен никеде турбаган атасынын арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө кандай документтер берилет?

Баланын энеси менен никеде турбаган атасынын арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
– атасынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз;
– төмөнкү документтердин бири:
– энесинин өлгөндүгү тууралуу күбөлүк – КБМРде маалымат жок болгон учурда;
– энесин эмгекке жарамсыз деп таануу жөнүндө же аны ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими;
– энесин дайынсыз жок деп таануу жөнүндө соттун чечими;
– жашы жете элек адамга карата аталыгын аныктоо жөнүндө атасы арыз берген учурда, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан берилген ушул органдын аталыгын аныктоого макулдугун ырастоочу документ.