Туулгандыгы тууралу акт жазуусуна баланын ата-энеси жөнүндө маалыматтарды никеде турбаган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча кандай документтер керек?

Баланын никеде турган атасынын жана/же энесинин арызы боюнча туулгандыгы тууралуу актыны жазууга ата-энеси жөнүндө маалыматтарды киргизүүдө төмөнкүдөй документтер берилет:
– атасынын жана энесинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтер;
– никелешүү тууралуу күбөлүк – КБМРде маалымат жок болгон учурда;
– белгиленген формадагы электрондук түрдөгү арыз.