Суррогат болуп төрөлгөн баланы кантип каттоого болот?

Башка аялга эмбрионду көтөрүү үчүн аны имплантациялоого макулдук берген жубайлардын арызы боюнча баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоодо жогоруда аталган документтер менен бир эле убакта нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карын энелик тууралуу келишим жана медициналык уюм тарабынан берилген эмбрионду имплантациялоо фактысын ырастоочу документ берилүүгө тийиш.