Табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо кандай жүргүзүлөт?

Ата-энеси белгисиз болгон, табылган (ташталган) баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Табылган (ташталган) баланы мамлекеттик каттоо жөнүндө өтүнүчү менен бир убакта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
– ички иштер органы тарабынан берилген баланын табылган убактысын, жерин жана жагдайларын көрсөтүү менен баланын табылгандыгы жөнүндө акт (эгерде табылган бала жөнүндө ички иштер органына арыз келип түшкөн болсо);
– медициналык уюм тарабынан берилген жана табылган (ташталган) баланын болжолдуу туулган күнүн жана жынысын күбөлөндүргөн документ.