Туулгандыкты каттоого арызды, туулгандыгы тууралуу күбөлүктү үйгө жеткирүүнү Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кантип жол-жоболоштуруу керек?
Туулгандыгын каттоого арызды Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу тариздөө үчүн:
- Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталына кирүү;
- Билдирүү түрүн тандоо;
- Кайрылган учурда арыз ээсинин иштеген жерин, кызмат ордун, иш жүзүндө жашаган дарегин көрсөтүү;
- Баланын фамилиясын, атын жана атасынын атын көрсөтүү;
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү каттоо жана алуу үчүн МКБ (КТБ) тандоо;
- “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөкпулду алууга жана банкка арыз берүү белгиленсин;
- Даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жеткирүү үчүн даректи көрсөтүү.