Баланын ата-энеси тарабынан аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арыз берүү мүмкүн болбогон учурда эмне кылуу керек?

Баланын ата-энесинин аталыкты аныктоо жөнүндө биргелешкен арызды берүүгө мүмкүн болбогон учурда, алардын каалоосу атасынын жана энесинин өзүнчө арыздары менен таризделиши мүмкүн. Мындай арыздагы колдун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Атасынын арызы жарандык абалдын актыларын жазуу органына эненин арызы менен бир эле убакта берилет. Арызда балага фамилия ыйгаруу жөнүндө атасынын жана энесинин пикири жазылышы керек. Атасынын же энесинин катышуусу милдеттүү.