Никелешүүдөн кийин фамилиямды өзгөртсөм болобу?

Жубайлардын тандоосу боюнча никелешүү тууралуу актыны жазууга жубайлардын жалпы фамилиясы же никеге туруп жаткан адамдардын биринин никеге чейинки фамилиясы киргизилет.

Жубайлар жалпы фамилия катары жубайлардын биринин фамилиясын тандап алышат же болбосо аялынын фамилиясын күйөөсүнүн фамилиясына бириктирүү аркылуу түзүлгөн фамилияны жубайлардын бирине жазууга укуктуу, мында жубайлардын фамилиясы жазууда дефис менен бириктирилген экиден ашпаган фамилиядан турушу мүмкүн.