Почта жөнөтмөсүнүнүн жайгашкан жери жөнүндө сайттарда маалымат жок болсо жана/же алынбаса, кайдан издеш керек?

Эгерде жөнөтмөнүн абалы боюнча эч кандай маалымат жок болсо, же статус узак убакыт бою жаңыртылбаса, катыңыз же посылкаңыз жеткирилбесе жана жөнөтүү мөөнөтү бүткөн болсо, сиз жүктү издөөнү баштасаңыз болот.

Издөөнү баштоо үчүн “Кыргыз почтасы” ААКнын байланыш бөлүмүнө арыз берүү керек, аны жөнөтүү учурунда берилген дүмүрөктүн көчүрмөсү тиркелет.

Ички жана эл аралык почта жөнөтмөлөрүн издөөгө арыздар жөнөтүлгөн күндөн тартып 6 айдын ичинде кабыл алынат.

Эл аралык жөнөтүүлөрдү издөөгө арыздар жөнөтүлгөн күндөн тартып 4 айдын ичинде EMS типтүү Макулдашуусун колдонуу регламентине ылайык кабыл алынат (Берн, 2017-ж.)

Арызды алуучу да, жөнөтүүчү да, алардын биринин ишенимдүү адамы да бере алат (ишеним кат берилгенде).

“Кыргыз почтасы” ААК издөө жыйынтыктары жөнүндө почта дарегине заказдык кат менен же арызда көрсөтүлгөн электрондук дарекке кат менен билдирет.

Даттанууну же талапты кароо жана ички жөнөтүүлөр боюнча жазуу жүзүндө жооп берүү мөөнөтү 14 жумушчу күндү түзөт.

Дүйнөлүк почта конвенциясына ылайык, эл аралык почта дооматтарынын мөөнөтү 30 күндөн 90 күнгө чейин болушу мүмкүн (Стамбул, 2016).