Баланын жалпы жарандык паспортун жасоо үчүн ата-эненин экөө тең катышуусу керекпи?

Ооба, себеби 16 жашка толо элек адамдын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн ата-энелердин же бир ата-эненин (экинчиси жок болсо) же башка мыйзамдуу өкүлдүн өтүнүчү талап кылынат. Эгерде ата-эненин бири документтерди тапшырууга катыша албаса, баланын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн ата-эненин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет. Эгерде ата-эненин экөө тең документтерди тапшырууга катыша албаса, алардын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу жана өкүлчүлүк кылууга ишеним каты берилет.