Мөөнөтсүз берилген 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттор милдеттүү түрдө алмаштырылууга тийишпи?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №196 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту анык паспорттор болуп саналат.