Үйдөн паспорт жасатуу үчүн мобилдик топту чакырса болобу?
Ооба. Кыргыз Республикасынын аймагында ID-карта жана жалпы жарандык паспортту жасоо үчүн документтерди кабыл алуу арыз берүүчүнүн жашаган жерине аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкерлери барып, акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Төмөнкү категориядагы адамдарга бекер кызмат көрсөтүлөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;
 - Карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;
 - I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;
 - Жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
 - Жазаларды аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар (бул мекемелердин администрациясынын өтүнүчү боюнча);
 - Күбөлөндүрүлгөн жана айыпталган адамдар камалып турган жайлардагы адамдар (алардын кылмыш иштери өндүрүштө турган орган тарабынан өтүнүчү боюнча).