Эгерде жалпы тартипте тапшырууну жүргүзсөм, паспортту тездетип жасатууга болобу?

Жалпы же шашылыш тартипте ID-картаны же жалпы жарандык паспортту алууга (алмаштырууга) документтерди берүүдө арыз ээси акы төлөө негизинде ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту жекелештирүү мөөнөтүн кыскартуу жагына өзгөртүүгө укуктуу. Мында, ID-картаны жана жалпы жарандык паспортту шашылыш жекелештирүү үчүн төлөм мурда төлөнгөн сумманы алып салуу менен алынат. Мындай учурда арыз ээси аймактык бөлүмгө төмөнкүдөй документтерди берет:

  • ID-карта же жалпы жарандык паспортту персонификациясын тездетип берүү жөнүндө жеке арыз;
  • ID-карта же жалпы жарандык паспортту тез арада персонификациялоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөндүгү жөнүндө квитанция.