1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда 1-форма жана 2-форма жок болгон учурда кандай жол-жобо бар?

Мурда берилген 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун форма-1 жана форма-2 жок болгон учурда арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгын аныктоо же жарандыгы жок адам деп таануу боюнча комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августунда № 174 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык каралат. Эгерде арыз ээсинин 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жоголгон болсо, жана ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгы бар болсо, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун ф-2 жана ф-2 жок болгон учурда жарандыкка арызды жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алуу жүргүзүлөт.
Эгерде паспорттун түп нускасы жарандын колунда болсо, анда жарандыгын аныктоо, эгерде түп нускасы жок болсо, анда жарандыкка кабыл алууга арыз берилет.