1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда 1-форма жана 2-форма жок болгон учурда кандай жол-жобо талап кылынат?

1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алмаштырууда:

– алмаштырылууга тийиш болгон паспорт;

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк же фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө), никени каттоо же бузуу тууралуу күбөлүк (никеге турганда, бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө – КБМРде маалыматтар болбогондо.

Мында аймактык бөлүмдүн жана/же КТБнын кызматкери аймактык бөлүмдө сакталуучу № 1 форманы сканерлейт. № 1 форма жок болгон учурда ID-карта менен документтештирүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.