Кайсы учурларда паспорттор жараксыз деп эсептелет?

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:

–  Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мөөнөтү аяктаганда;

–  Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурда (жарандыктан чыгуу жана жарандыктан ажыратуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө мыйзамда каралган башка негиздер, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен белгиленген);

–  Улуттук паспорт жаңы паспортко алмаштырылганда;

–  Паспорт ээси каза болгон учурда же соттун чечими менен каза болгон деп таанылганда;

–  Паспорт ээси аныкталбаган учурда;

–  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук паспортторунун тиешелүү түрлөрү жөнүндө токтомдору менен бекитилген улуттук паспорттун үлгүсүнө жана мазмунуна дал келбеген паспорт жана анын мазмуну;

–  Ички иштер органдарынын акыркы чечими боюнча;

–  Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун чет өлкөдө жоготкондон кийин кайтып келүү күбөлүгүн берген учурда.