Аты-жөнүн өзгөрткөндө паспортту убагында алмаштырбагандыгы үчүн айып пул салынары кайсы жерде көрсөтүлгөн?

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 479-беренесине ылайык, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана кодекстин 400-беренесинде каралган жаза чараларын колдонот. Аты-жөнүн өзгөрткөндө же жарандык абал актыларынын жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө документтерди убагында алмаштырбагандыгы үчүн жеке адамдарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат.