Эгерде эки ата-эне тең КР чегинен тышкары болсо, 16 жашка толгондо ID паспортун тариздөөдө ата-энесинин (ата-энелеринин) катышуусу талап кылынабы, эгерде бала мурда ЖЖП алган жана катталган болсо?

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги №167 токтому менен бекитилген, ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамага ылайык, талап кылынбайт, анткени 16 жашка толгон адамды алгачкы документтештирүүдө: туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу күбөлүк (фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөрткөндө) – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо; арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/ көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорту – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо же болбосо арыз ээсинин жалпы жарандык паспорту (болсо) – КБМРде маалыматтар болбогондо.