Балага жалпы жарандык паспорт жасоо үчүн баланын жашаган жеринен каттоосу керекпи?

ID-карта жана жалпы жарандык паспортту жасоо жана персонификациялоо үчүн документтерди кабыл алуу арыз ээсинин жашаган жана турган жерине карабастан, арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында катталгандыгы тууралуу маалымат Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде болсо же консулдук каттоо тууралуу маалымат болсо, бардык аймактык бөлүмдөрдө жана/же КТБларда же чет өлкөдөгү мекемелерде жеке катышуусу менен жүргүзүлөт.