Булут электрондук кол тамга деген эмне жана ал кадимки электрондук кол тамгадан эмнеси менен айырмаланат?

Электрондук колтамга (ЭК) – бул электрондук документти тастыктаган кол тамгаңыздын санариптик аналогу. Электрондук колтамга санариптик символдорду камтыйт, анда анын ээси жөнүндө бардык зарыл маалыматтар сакталат. Жашыруун колтамга ачкычы флеш-алып жүрүүчүдө сакталат.

Булут электрондук колтамгасы (БЭК) – бул электрондук колтамга, анда жашыруун колтамга ачкычы колдонуучунун компьютеринде эмес, коопсуз серверде сакталат. Колдонуучу ачкычка интернет-браузер же мобилдик тиркеме аркылуу кире алат.