Кыргыз Республикасынын аймагында жашайм жана СССРдин 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспортум жоголгон, эмне кылуу керек?

Арыз КТБда жашаган жери боюнча берилет, ар кандай себептерден улам 1974-жылдагы үлгүдөгү СССРдин паспортун жоготкон, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу (же убактылуу) каттоодо турган адамдар. Бул категориядагыларга паспортун жоготкондугу жөнүндө иш ачылат жана адамдын инсандыгы жана жарандыгы аныкталгандан кийин корутунду чыгарылат.

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча адамды жарандыгы жок деп таануу жөнүндө  корутунду чыгарат (эгерде башка өлкөнүн жараны болбосо), анда арыз ээси жөнүндө негизги маалыматтар жана укуктук негиздер көрсөтүлөт, аларга ылайык адам Кыргыз Республикасынын жарандыгы жок адам деп таанылат.

Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык органы арыз ээсине анын Кыргыз Республикасынын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө белгиленген арыз ээсин жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө маалымкат берет, ага жарандыгы жок адамдарга туруктуу жашап турууга уруксатты документтештирүүнүн тартиби түшүндүрүлөт.