КР жарандыгын калыбына келтирүү үчүн этникалык кыргыздарга кандай документтер керек?

– чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
– берилген документтерде улуту көрсөтүлбөгөн учурда – кыргыз улутунда экендигин же ата-энесинин биринин кыргыз улутунда экендигин тастыктаган документ (кайрылмандын күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк же ата-энесинин кыргыз улутунда экендигин көрсөтүлгөн паспорту)
– Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымкат
– каттоо талону
– Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
– Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.