Жашоого каражат булагы катары онлайн банкинг көчүрмөлөрү туура келеби? Скрин же мөөр басылган түп нускасы керекпи?

Жашоого каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер (кызматкер, жеке ишкер – жеке жактын кирешеси жөнүндө маалымкатты, өткөн жыл үчүн жеке жактардын кирешесине салынган салыктар боюнча декларацияны же акыркы 12 айда кирешеге салыкты төлөгөндүгү жөнүндө маалыматты; пенсионер – пенсиялык ырастамасын; жөлөкпул алуучу – жөлөкпул алгандыгы жөнүндө маалымкатты; алимент алуучу – алимент алгандыгы аныктамасын; аманатчы – кредиттик мекемедеги аманаты жөнүндө маалымкатты; багууда турган адам – арыз берүүчү багуусунда турган адамдын кирешеси жөнүндө маалымкатты; мыйзам менен тыюу салынбаган (иш-аракеттерден) кирешелерди алгандыгын ырастаган башка документ).