КР жарандыгын калыбына келтирүү үчүн кандай документтер керек?

Талап кылынуучу документтер:
• Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз-анкета
• чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын ким экендигин ырастаган жарактуу документ (чет өлкөлүк жарандын паспорту, жарандыгы жок адамдар үчүн жашап турууга уруксат, бекитилген тартипте качкын деп аныкталган качкындын күбөлүгү)
• электрондук форматтагы фотосүрөт (фотосүрөткө тартуу ордунан жүргүзүлөт)
• Кыргыз Республикасынын аймагында акыркы бир жылдын ичинде туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастаган документ (визалык режим орнотулган мамлекеттердин жараны үчүн – виза, визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жараны үчүн – каттоо талону, жарактуу каттоосу бар туруктуу жашап турууга уруксат)
• жашоого мыйзамдуу каражат булактарынын бар экендиги жөнүндө документтер, качкындардан башкасы
• мамлекеттик алымды төлөгөндүгү тууралуу квитанция
• Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккандыгы жөнүндө маалымкат
• Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат
• Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасы) жарандары үчүн – мурдагы жарандыгынан баш тартуу жөнүндө жеке арызы.