Эгерде Украин ССРинин аймагында туулуп, Орусия Федерациясынын жараны болсо жөнөкөйлөтүлгөн тартипте документтеримди тапшыра аламбы?

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгу” КР мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу 18 жашка чыккан чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө расмий өтүнүч менен кайрылууга укуктуу 13-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленгендей, эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык макулдашууларда башкача каралбаса, алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда бир жылга чейин кыскартылат, эгерде:

1) ата-энесинин бирөө Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган болсо;

2) Кыргыз ССРинде төрөлсө жана/же мурдагы СССРдин жараны болсо;

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгы калыбына келтирилет.