Кыргыз Республикасынын жарандыгына жалпы тартипте кабыл алууга өтүнүч келтирүү үчүн (5 жылга) убактылуу каттоо талондорун көрсөтүү жетиштүүбү же туруктуу жашап туурууга уруксат алуу зарылбы?

Туруктуу, үзгүлтүксүз жашагандыгын ырастоочу документтер – виза режими колдонулган өлкөлөр үчүн жарандардын визасы, каттоо талону – визалык режимден бошотулган мамлекеттердин жарандары үчүн жарактуу каттоосу менен туруктуу жашоого уруксат эсептелет.