Жарандыкты аныктоо үчүн таануу актысы ким тарабынан түзүлөт жана ким тарабынан тастыкталат?

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык:
Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө арыз менен кайрылууда берилүүчү документтердин тизмеси, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандыгы жок адам деп таануу жөнүндө аймактык бөлүмдүн корутундусу, жашаган мөөнөтүн көрсөтүү менен таануу жана жашоо актысы (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери тарабынан түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жакын туугандарынын катышуусу менен, жакын туугандары жок болсо – үч кошунасы менен тастыкталат).