Кыргыз Республикасынын жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн канча убакыттан кийин кайрылса болот?

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык КР жараны менен никеге турган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу өтүнүчү менен үч жылдан кийин кайрылууга укуктуу.