Чет өлкөлүк жарандардын жашы жете элек балдары келген жери боюнча каттоого турушу керекпи?

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү жана алардын ата-энелерин, көзөмөлчүлөрүн жана башка мыйзамдуу өкүлдөрүн каттоо менен бир учурда жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жашы жете элек балдарын каттоо, жашы жете элек балдардын ким экендигин ырастоочу документтерин берүү менен ишеним кат боюнча ыйгарым укуктуу адамдардын өтүнүч каты боюнча жүргүзүлөт.