Эгерде каттоо аймактык бөлүмдө/КТБда жүргүзүлсө, ereg.e-gov.kg сайты аркылуу каттоо талонунун дубликатын басып чыгарууга болобу?

Жок. Каттоо талону жоголгон учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам каттоо талонунун дубликатын алуу үчүн кайсы болбосун РАБ/КТБ арыз менен кайрыла алат. Мында РАБ/КТБ кайрылган күнү каттоо жүргүзүлгөн жана каттоо талону берилген жерине карабастан каттоо талонунун дубликатын берет.