Кыргызстандагы кибермейкиндикти коргоо стратегиясы
2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июлундагы № 369 токтому менен Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук боюнча биринчи стратегиясы (мындан ары – Стратегия) кабыл алынган.
Стратегиянын максаты болуп жарандардын, бизнестин жана мамлекеттин коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин камсыз кылуу үчүн алардын кибермейкиндиктеги турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого, анын ичинде экономиканы санариптик трансформациялоого мүмкүндүк берүүчү ата мекендик киберкоопсуздук системасын жана саясатын калыптандыруу саналат.
Стратегияны ишке ашыруунун алкагында төмөнкүдөй негизги жыйынтыктарга жетишилди:
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу орган киберкоопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органы тарабынан бекитилген. 2020-жылдын 12-августуна КР УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору түзүлгөн. Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбор тарабынан CC-CERT аккредитациясы алынды.
Жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө жаатында ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин бирдиктүү органы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты (КР Президентинин Администрациясында кароо баскычында турат).
КР Кылмыш-жаза кодексине “Киберкоопсуздукка каршы кылмыштар” деген өзүнчө 40-глава киргизилген, анын 4-беренесинде төмөнкүлөр каралган:
- 319-берене. Компьютердик маалыматтарга жана электрондук документтерге, маалыматтык системага же электр байланыш тармагына уруксатсыз жетүү
- 320-берене. Зыяндуу программалык продуктуларды түзүү
- 321-берене. Кибер-саботаж
- 322-берене. Электрондук билдирүүлөрдү массалык түрдө жайылтуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 127 Кылмыш-жаза кодексине жана 2021-жылдын 28-октябрындагы № 128 Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик киргизилген.
Предметтик стандарттарга ылайык 5-9-класстар үчүн “Информатика” боюнча окуу программасы иштелип чыгып, анда төмөнкү темалар камтылган: “Киберкоопсуздук”, “Санариптик сабаттуулук”, “Компьютердик гигиена”, “Программалоо”, “Системалык администрациялоо” ж.б. Кайра каралган программада бул темаларды үйрөнүү сааттары көбөйтүлгөн. 2021-2022-окуу жылынан баштап республиканын мектептери окуу процессинде кайра каралган программаны колдонуп жатышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 718 токтому менен жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын макеттерине өзгөртүүлөр киргизилди. Жогорку кесиптик билим берүүнүн 550700 “Педагогика” багыты боюнча жаңы иштелип чыккан мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 2-курста “маалыматтык технологиялардын негиздери” предмети бар. Бул предмет маалыматтык-коммуникативдик технологияларды колдонуу жана жаңы муундагы техника менен иштөө жаатында педагогикалык адистиктеги студенттердин даярдык деңгээлин жогорулатууну камсыз кылууга багытталган.
Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздуктун биринчи стратегиясы өзүнө жүктөлгөн негизги максаттарды жана милдеттерди аткара алды деп эсептесе болот. Бирок өлкөнүн киберкоопсуздугун камсыз кылуунун укуктук базасын жана түзүмүн трансформациялоо боюнча ишти улантуу зарыл.