СӨМгө караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын ишмердүүлүгү боюнча 2023-2024-жылдарга карата отчету

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНЕ караштуу БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫНДА ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ КЫЗМАТЫ

2023-2024 жылдарга карата ишмердүүлүгү жөнүндө отчету

Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы (мындан ары – Кызмат) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
Кызматтын негизги максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук тармагын түзүү жана улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.
Кызматтын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу;
2) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
3) байланыш тармактарын жана системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
4) жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
Кызмат ишмердиктин төмөнкү түрлөрүнө лицензия берет:
– электр байланыш жаатындагы ишке, анын түрлөрү:
• телеграфтык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
• жергиликтүү телефондук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
• эл аралык байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
• шаар аралык байланыш кызматтары;
• телематикалык кызматтардын кызмат көрсөтүүлөрү;
• көчмө радио телефондук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү;
• теле-, радио программаларын жайылтуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
– почта байланыш жаатындагы ишке,
– маалымат берүү жаатындагы,
– радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке,
– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке.

КЫЗМАТТЫН МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮ

«БАЙЛАНЫШ ЖАБДУУЛАРЫНА ЖАНА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРҮНӨ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ РАДИОЖЫШТЫК НУРЛАНУУНУ БЕРҮҮЧҮ ЖЕ ЖОГОРКУ ЖЫШТЫКТАГЫ ЭЛЕКТРМАГНИТТИК ТОЛКУНДАРДЫН БУЛАГЫ БОЛУП САНАЛГАН БАШКА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРГА ШАЙКЕШТИК СЕРТИФИКАТЫН БЕРҮҮ»
2023-жылы 187 шайкештик сертификаты берилген.
2024-жылдын 1-жарым жылдыгында 98 шайкештик сертификаты берилген.

«БӨЛҮП БЕРҮҮГӨ ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛГОН РАДИО ЖЫШТЫКТАРДЫ ТАНДОО БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРҮҮ»
2023-жылы келип түшкөн арыздардын негизинде радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна 11 237 жыштык ыйгаруу берилген, ошондой эле жыштык ыйгаруунун колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна 17 211 жыштык ыйгаруунун колдонуу мөөнөтү узартылган.
2024-жылдын 1-жарымында – 3 297 жыштык ыйгарылышы берилген жана 1 248 жыштык ыйгарылышы мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу узартылган.
2023-жылы координациялоо жол –жобосуна 2 119 жыштык жөнөтүлгөн:
– Өзбекстан Республикасы менен – 1094 жыштык,
– Казакстан Республикасы менен – 1025 жыштык,
2024-жылдын биринчи жарымында – 3 488 жыштык жөнөтүлгөн, анын ичинен:
– Өзбекстан Республикасы менен – 2 545 частот;
– Казакстан Республикасы менен – 943 частот.

«УЛУТТУК НОМЕРЛӨӨ РЕСУРСУН БӨЛҮП БЕРҮҮ»
2023-жылы номерлөө ресурстарын бөлүү/кармап алуу/которуу боюнча 14 буйрук чыгарылган, анын натыйжасында:
– бөлүнгөн номерлер – 3 001 103 даана,
– кармалган номерлер – 3 077 701 даана,
– которулган номерлер – 500 000 даана.
2024-жылдын биринчи жарымында номерлөө ресурсун кармап алуу боюнча 3 буйрук чыгарылган, анын натыйжасында:
– кармалган номерлер – 3 300 даана,

УРУКСАТ БЕРҮҮЧҮ ДОКУМЕНТТЕРИ

ЛИЦЕНЗИЯЛОО
2023-жылы:
 58 лицензия берилди,
 Радиожыштык спектринин 23 лицензиясынын колдонуу мөөнөтү узартылды,
 Ошондой эле 30 лицензиянын иши токтотулду,
 иштеп жаткан операторлорунун саны – 356, активдүү лицензиялары – 554.
2024-жылдын биринчи жарымында:
 19 лицензия берилди,
 Радиожыштык спектринин 6 лицензиясынын колдонуу мөөнөтү узартылды,
 27 лицензиянын иши токтотулду.
 иштеп жаткан операторлорунун саны – 349, активдүү лицензиялары – 547.

ТАШЫП КЕЛҮҮГӨ ЭКСПЕРТТИК КОРУТУНДУЛАРДЫ
2023-жылы радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ташып келүүгө 7641 эксперттик корутундулард берилген.
2023-жылдын биринчи жарымыда радиоэлектрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө ташып келүүгө 4 643 эксперттик корутундулард берилген.

ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ СЕРТИФИКАЦИЯЛЫК СЫНОО
2023-жылы Кызматтын Сыноо лабораториясынын кызматкерлери тарабынан байланыштын техникалык каражаттардын (мындан ары – ТК) 14 түрү боюнча 786 сертификациялоо сыноолору жүргүзүлгѳн, анын натыйжасында ТК сыноолорунун 166 протоколу таризделген жана берилген.
2023-жылдын биринчи жарымыда – ТК 14 түрү боюнча 384 сертификациялоо сыноолору жүргүзүлгѳн, анын натыйжасында ТК сыноолорунун 93 протоколу таризделген жана берилген.

ЛИЦЕНЗИАЛЫК КОНТРОЛДОО ЖАНА КӨЗӨМӨЛДӨӨ
2023-жылы: лицензиялык контролдун (текшерүү) алкагында Кыргыз Республикасынын маалымат берүү жана электр почта байланышы чөйрөсүндөгү 26 лицензиат боюнча лицензиялык текшерүүлөн өткөрүлдү.
2023-жылдын биринчи жарымыда – 32 лицензиат боюнча.

РАДИОЖЫШТЫК СПЕКТРИ
2023-жылы Кызмат тарабынан Эл аралык электр байланыш уюмунун, эл аралык Радиожыштыктар маалымдамасына 4002 жыштык жөнөтүлгөн жана жыйынтыгы боюнча 3015 жыштык катталган.
Жыштыктарды каттоо боюнча үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында, 2023-жылдын 11 декабрына карата Эл аралык электр байланыш уюмунун, Эл аралык радиожыштыктар маалымдамасында Кыргыз Республикасы үчүн катталган жыштыктардын жалпы саны – 66 467 бирдикти түзөт.
Катталган жыштыктардын көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынан, Казакстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан кийинки эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунду ээлейт.
2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата: багытталган жыштыктардын саны – 1971, катталганы – 949. Эл аралык электр байланыш уюмунун, Эл аралык радиожыштыктар маалымдамасында Кыргыз Республикасы үчүн катталган жыштыктардын жалпы саны – 67 856 бирдикти түзөт, төртүнчү орунду ээлейбиз.

РАДИОЖЫШТЫКТАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ (РЖМК)
2023-жылдын 3-апрелинде РЖМКнын 55-отуруму болуп, анда күн тартибинде коммерциялык максаттарда пайдаланылуучу спутниктик байланыш системаларына лицензия берүү маселеси каралган. Отурумдун жүрүшүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
1. РЖМКнын күн тартибинин 1-пункту боюнча 54-отурумунун протоколдук чечими күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1998-жылдын 2-апрелинде №31 Кыргыз Республикасынын “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Коммерциялык максаттар үчүн пайдаланылуучу байланыштын спутниктик системаларына лицензия берүү жөнүндө» токтомунун долбоорун даярдасын.
2023-жылдын 14-июнунда РЖМКнын 56-отуруму өткөрүлүп, анда күн тартибинде “Кыргызтелеком” ААКсына 450-470 МГц жыштык тилкесиндеги туруктуу радио жетки тутумун пайдалануу үчүн радиожыштык ресурсун бөлүп берүү маселеси каралган. Отурумдун жүрүшүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
1. Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы байланыш боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан «Кыргызтелеком» ААКсына 450-470 МГц жыштык тилкесинде тилкенин туурасы 1,25 МГц менен FDD иштөө режиминде белгиленген радио жетки тутумун пайдалануу үчүн экинчилик негизинде радиожыштык ресурсун бөлүп берүүгө каршы эмес.
2023-жылдын 4-июлунда РЖМКнын 57-отуруму өткөрүлдү, анда күн тартибинде 3400-3750 МГц радио жыштык тилкесиндеги коммерциялык жагымдуу радиожыштык ресурсу 5G технологиясын киргизүү үчүн тоорук (аукцион) аркылуу ишке ашыруу боюнча маселе каралды.
Төмөнкү чечим кабыл аланды:
1. 3400-3750 МГц радио жыштык тилкесинде 5G технологиясын тесттик сыноолорду жүргүзүүнү аяктоо.
2. 3400-3750 МГц радио жыштык тилкесиндеги коммерциялык жагымдуу радиожыштык ресурсу 5-муун (5G) технологиясын киргизүү үчүн тоорук (аукцион) аркылуу ишке ашырылсын.
2024-жылы 30-январында РЖМКнын 58-отуруму өткөрүлүп, анда күн тартибинде тооруктар (онлайн-аукцион) аркылуу ишке ашырылууга тийиш болгон FM-радиожыштыктардын пландары боюнча маселе каралган. Жыйындын жүрүшүндө төмөнкүдөй чечим кабыл алынды:
1. Тоорук (аукцион/конкурс) аркылуу ишке ашыруу үчүн ФМ диапазонунун жыштык пландарына толуктоо жактырылсын.
2. Андан ары 87,5-108 МГц ФМ диапазонундагы радиожыштык тилкесинде радио электрондук каражаттардын электр магниттик шайкештигин сактоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында ФМ берүү үчүн жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларына жараша диапазондун ФМ жыштыктарынын планын жактырбастан тооруктарды (аукцион/конкурс) мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүү (кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун макулдугу менен).

РАДИОМОНИТОРИНГ
Кызмат туруктуу негизде бөлүнгөн каналдарды жана жыштык тилкелерин пайдалануунун жалпы өлчөөлөрүн жүргүзөт, берилүүчү радиосигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерет, бул уруксатсыз радиоберүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электромагниттик нурлануунун булактарын, радио тоскоолдуктарды табууга жана таанууга, радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы боюнча 2 393 309 жыштыкка тууралуу өлчөөлөр жүргүзүлдү.
2024-жылдын 1-жарымында: 1 167 180 жыштыкка.
Мобилдик уюлдук тармактарда өлчөө, базалык станцияларды локалдаштыруу жана идентификациялоо үчүн өлчөө комплексинин эки комплекти Freerider IV Германиянын Rohde & Schwarz компаниясынан. Комплексинин эки косплектинин жалпы баасы – 47 870 000,00 сом.
Бул комплекс GSM, UMTS, LTE, 5G ж.б. уюлдук тармактарда тез өлчөөгө жана мобилдик байланыштын реалдуу техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө объективдүү баа берүүгө жана сыноо зонасында үн кызматтарынын жана маалыматтарды жиберүү кызматтарынын сапаттык мүнөздөмөлөрүн салыштырма баалоого мүмкүнчүлүк берет.

АУКЦИОН
Кызмат 2023-жылдын 1-январынан 31-декабырына чейин интернет-ресурсунда auction.nas.gov.kg 3 онлайн-аукцион өткөрдү:
2023-жылдын 28-апрелинин auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 92,6 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 92,6 МГц жыштыгы Талас ш. монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 102 577 сом 50 тыйын. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 153 866 сом сунушталган максималдуу баасы менен «МирСу» Коомдук фонду жеңүүчү деп табылды.
2023-жылдын 18-июлунда auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 94,7 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 92,6 МГц жыштыгы РРС-9 «Чолпон-Ата» монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 87 300 сом. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 91 665 сом сунушталган максималдуу баасы менен «Авторадио» ЖЧКсы жеңүүчү болду.
2023-жылдын 19-июлунда auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 94,7 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 104,4 МГц жыштыгы РРС-16 «Талас» монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 102 577 сом 50 тыйын. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 107 706 сом 38 тыйын сунушталган максималдуу баасы менен «Авторадио» ЖЧКсы жеңүүчү болду

Кызмат 2024-жылдын биринчи жарымында auction.nas.gov.kg интернет-ресурсунда 4 онлайн-аукцион өткөрдү:
– 2024-жылдын 15-мартында auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 89,3 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 89,3 МГц жыштыгы РРС-28 «Дедемель» монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 15 277 сом 50 тыйын. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 16 041 сом сунушталган максималдуу баасы менен «Теле-радио вещательная компания «МАРАЛ ТВ» ЖЧК жеңүүчү деп табылды.
– 2024-жылдын 26-мартында auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 102,7 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 102,7 МГц жыштыгы Чолпон-Ата ш. монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 87 300 сом. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 96 030 сом сунушталган максималдуу баасы менен «Телерадиокомпания «ТОФ» ЖЧК жеңүүчү болду.
– 2024-жылдын 27-мартында auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 106,4 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 106,4 МГц жыштыгы Чолпон-Ата ш. монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 87 300 сом. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 91 665 сом сунушталган максималдуу баасы менен «Радио Артек» ЖЧК жеңүүчү болду.
– 2024-жылдын 23-апрелинде auction.nas.gov.kg интернет-ресурсында 103,2 МГц жыштыгы боюнча онлайн аукцион өткөрүлдү. Аукционго 103,2 МГц жыштыгы Ош ш. монтаждоо участкасында коюлуп, баштапкы баасы 279 360 сом. Аукциондун жыйынтыгы боюнча 3 058 992 сом сунушталган максималдуу баасы менен « Телерадиокомпания «ТОФ» ЖЧК жеңүүчү болду.

КУМАР ОЮНДАРЫ
2023-жылы Кызмат тарабынан электрондук (виртуалдык) казиного (виртуалдык казино оператору) 6 лицензия берилди, алардан лицензия берүүдөн бюджетке түшкөн жалпы кирешеси 28 980 000 сомду түздү.

БАЙЛАНЫШ ТАРМАГЫНЫН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ

БУЛА-ОПТИКАЛЫК БАЙЛАНЫШ ЛИНИЯЛАРЫ (БОБЛ)
Учурдагы бардык байланыш каражаттарынын ичинен эң жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгү оптикалык була болуп саналат, анын көрсөткүчтөрү бүгүнкү күндө Улуттук байланыш тармагын жалпы дүйнөлүк маалымат мейкиндигине интеграциялоо ийгиликтүү ишке ашырылды жана өнүгүп жатат деп айтууга мүмкүндүк берет.
Байланыш операторлорунун берген маалыматы боюнча, 2023-жылдын 4-кварталынын аягында курулуп жана ишке киргизилген була-оптикалык байланыш линияларынын жалпы узундугу 50 877 км түздү, алардын ичинен магистралдык байланыш линиялары – 14 818 км.
2024-жылдын 1-жарынын аягында: 53 628 км, алардын ичинен магистралдык байланыш линиялары – 15 076 км.

Жыл 2017 2018 2019 2020 2021 2022 2023 2024 (6 ай)
Өсүш 14,2 % 15,2 % 29,2 % 13,6 % 20 % 20 % 13 % 5,4 %

КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ МОБИЛДИК БАЙЛАНЫШ МЕНЕН КАМТУУ
2023-жылдын IV-кварталынын аягына Кыргыз Республикасы боюнча жалпы – 2227 КК түзгөн (калктуу конуштун саны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктеринин объектилерин белгилөө системасынан ошондой эле жарандардын жана депутаттардын кайрылууларына ылайык түзүлгөн).
– 2G технологиясы аркылуу – 2204 (98,9 %) калктуу конуш;
– 3G технологиясы аркылуу – 2202 (98,8 %) калктуу конуш;
– 4G технологиясы аркылуу – 2201 (98,8%) калктуу конуш;
– байланыш менен камтылган эмес – 23 (1%) калктуу конуш электр чубалгылары жоктугу себебинен байланыш кызматтары менен камтылган эмес.
2024-жылдын 1-жарымынын аягында – 2230 калктуу конуш болгон:
– 2G технологиясы аркылуу – 2208 (99 %) калктуу конуш;
– 3G технологиясы аркылуу – 2178 (97,6 %) калктуу конуш;
– 4G технологиясы аркылуу – 2205 (98,8%) калктуу конуш;
– байланыш менен камтылган эмес – 22 (0,98%) калктуу конуш электр чубалгылары жоктугу себебинен байланыш кызматтары менен камтылган эмес.

БАЙЛАНЫШ ЖАНА ИНТЕРНЕТ КЫЗМАТТАРЫ МЕНЕН КАМТУУ
Жыл сайын Кызмат тарабынан жарандардын, депутаттардын кайрылууларынын, Кыргыз Республикасынын Администрациясынын тапшырмаларынын негизинде, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарын байланыш менен камтуу боюнча кызматтын мониторингинин негизинде мобилдик байланыш операторлору үчүн 2G/4G технологиясы тууралуу көчмө радиотелефон байланыш кызматы менен камтуу графиги иштеп чыгат жана бекитет, алардын натыйжасында:
2023-жылга карата интернетизациялоого жана телефондоштурууга тийиш болгон 74 калктуу конуш киргизилген, алардын ичинен 50ү камтылган, калгандарында электр берүү чубалгылары жок, ошондой эле башка техникалык мүмкүнчүлүктөр жок.
2024-жылга карата Кызмат 4G технологиясы менен интернетизациялоого жана телефондоштурууга тийиш болгон 16 калктуу конуш киргизилди. Биринчи жарым жылдыкта операторлор изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

БАЙЛАНЫШ ОПЕРАТОРЛОРУНУН АБОНЕНТТИК БАЗАСЫ
Абоненттик база – бул абоненттердин саны менен туюнтулган өлкөнүн экономикасындагы ишкердиктин кандайдыр бир процессинин жалпы көрсөткүчү же мүнөздөмөсү.
Байланыш операторлору тарабынан берилген маалыматтар боюнча төмөндө байланыш тармагындагы 2023-жылга карата абоненттердин көрсөткүчтөрү:
Уюлдук байланыш – 7 681 215 активдүү абоненттер,
Маалымат берүү (Интернет) – 6 957 432 активдүү абоненттер,
Жергиликтүү байланыш – 185 463 абоненттер.
2024-жылдын 1-жарымынын аягында:
Уюлдук байланыш – 7 876 892 активдүү абоненттер,
Маалымат берүү (Интернет) – 7 108 516 активдүү абоненттер,
Жергиликтүү байланыш – 168 949 абоненттер.

ИШКЕ АШЫРЫЛГАН ДОЛБООРЛОР
Идентификациялоонун мамлекеттик тутуму (ИМТ). Кызмат «Инмобайлс» Жоопкерчилиги чектелген коомуна 2022-жылдын 20-июнунда №22-0537-КР Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан жана ташып келинген мобилдик байланыш түзүлүштөрүнүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн пайдаланылуучу түзүлүштөрдүн эл аралык уникалдуу идентификациялык кодун идентификациялоо, аутенттүүлүгү жаатындагы ишке лицензия берилген.
2022-жылдын май айында эсепке алынбаган, контрабандалык жана уурдалып кеткен телефондорду пайдалануудан коргоо максатында, колдонуудагы жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген мобилдик телефондорду идентификациялоо тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети бекитти.
2024-жылдын 25-июнунан баштап Кыргызстанда идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда байланыштын бардык түзүлүштөрүн милдеттүү түрдө каттоо иштей баштады, ошону менен «Инмобайлс» ЖЧК аркылуу идентификациялоо оператору ИМТ ишин баштады.
Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун SIM-карталары менен активдештирилген бардык уюлдук телефондор (Mega, Beeline, O!), ИМТ автоматтык түрдө катталган.
Көрсөтүлгөн телефондорду каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын катышуусунда жана ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө берүүдө идентификациялоо оператору тарабынан жүзөгө ашырылат.
Идентификациялоонун мамлекеттик тутуму Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкаруусунда турат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июлундагы №421 токтомуна ылайык, 2024-жылдын 15-августуна чейин ырастоочу документтери жок болсо, Кыргыз Республикага алынып келинген мобилдик түзүлүштөрдү каттоо мөөнөтүн 25-июнга чейин узартуу жарыяланган. Бул уюлдук телефондорду 2024-жылдын 15-августуна чейин ИМТ каттоого болот, каттоо кызматы үчүн акы төлөө шартында.
Кошумча нарк салыгын жана сатуудан салыкты кошкондо, түзүлүштөрдү каттоо үчүн 600 сом өлчөмүндө акы төлөө боюнча милдеттенме түздөн-түз мобилдик телефондорду сатуучуларга, импорттоочуларга жана чекене сатуучуларга жүктөлөт.
Мобилдик түзмөктөрдү каттоого байланыштуу көбүрөөк маалыматты веб-сайттан алсаңыз болот www.imei.kg же телефондор аркылуу: 0505 53 30 00, 0997 55 00 55, 0223 55 00 55.

Абоненттерди персонификациялоо (каттоо). Кызмат тарабынан көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежелерине аралыктан персонификациялоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип чыккан, ал өлкөнүн бардык абоненттерине аралыктан жекелештирүүнүн (каттоо) бөлүгүндө жол-жобосуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берет жана бул санариптештирүү багытындагы дагы бир чоң кадам.
Персонификация деген эмне? Бул учурда сим-картаны колдонуучу байланыш кызматтарына кирүүдөн мурун өзүнүн сим-картасын өзүнө каттатышы керек. Каттоодо абонент роуминг кызматтары, чалуулардын деталдуулугун алуу, жоголгон сим-картаны калыбына келтирүү жана башка көптөгөн кызматтарды жана артыкчылыктарды алат. Аралыктан персонификациялоо сим-картаны каттоо жол-жобосун аралыктан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бул абоненттер үчүн жол-жоболордун убактысын жеңилдетет жана кыскартат.
Ошентип, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 токтому менен Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелери бекитилген. Бул эрежелер 2024-жылдын башында күчүнө кирген жана милдеттүү аралыктан жекелештирүү күчүнө киргенден бери, 2023-жылдын аягынан тарыпа абоненттердин саны 2,5% га өскөн.