Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү боюнча 2024-жылдын сентябрына чейинки отчету

«Түндүк» Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы («Түндүк» ВЭӨС) мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда электрондук форматта маалыматтарды алмашууну камсыз кылат, анда ар бир транзакцияга квалификациялуу электрондук кол тамга коюлат.
2024 –жылдын январынан 2024-жылдын сентябрына чейин мамлекеттик органдардын ортосундагы маалымат алмашуу 1 млрд.139 млн. транзакция, ал эми мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын ортосунда 176 млн. транзакцияга жеткен.
Азыркы учурда «Түндүк» системасында 2018-жылдын 12-сентябрнан бери маалымат алмашуу 2 948 960 940 транзакцияны түзөт.
«Түндүк» системасында буга чейин 1335 сервис жана 447 маалыматтык подсистемалар, 307 катышуучу катталган.
Алардын ичинен 2024-жылдын январынан тартып катталган:
– 366 кызматтар:
– Мамлекеттик органдардын 350 сервиси;
– 16 коммерциялык уюмдун сервиси.

69 маалыматтык подсистемалар:
– 63 мамлекеттик органдар системасы;
– Коммерциялык уюмдардын 6 системасы.
Кошулган – 56 катышуучу.

2022-жылдан 2024-жылга чейин «Түндүк» ВЭӨС боюнча маалымат алмашуунун салыштырма таблицасы:

Салыштыруу үчүн Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022 ж.

(саны)

2023 ж.

(саны)

2024-жылдын январынан сентябрына чейин

(саны)

2023-2024-ж

Өсүш (%)

1 Маалыматтар менен ийгиликтүү алмашуу 399 млн. 469 млн. 1 млрд. 113,21%
2 Маалыматтык системалар 22 66 78 18,18%
3 Кызматтар 129 182 186 2,19%

 

Электрондук форматтагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуу болгон Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – ЭКМП) аркылуу көрсөтүлөт, бул портал жогорку социалдык мааниге ээ, анткени санариптик документтер, электрондук кызмат көрсөтүүлөр жарандардын жашоосун кыйла жеңилдетет.

Кыргыз Республикасынын жарандары үйүнөн чыкпай туруп, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, санариптик форматтагы маалымкаттарды, документтерди заматта ала алышат жана менчигинин түрүнө карабастан каалаган уюмга көрсөтө алышат, ошону менен жарандын чиновниктер менен өз ара аракеттешүүсү жокко чыгарылат жана коррупциялык механизмдер жокко чыгарылат.

2024 – жылдын январынан 2024-жылдын сентябрына чейин портал жана «Tunduk» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде 11 миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү. Мамлекеттик порталдын жана мобилдик тиркеменин колдонуучуларынын саны

Бүгүнкү күндө ЭКМП 165 мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер ишке ашырылган, алардын ичинен 112 – автоматташтырылган кызмат көрсөтүүлөр жана 37 мамлекеттик органдардан жана уюмдардан 53 табыштама деңгээлинде. Мамлекеттик порталдын функциялары күн сайын толукталып турат.
2022 – жылдын июнунан 2024 – жылдын сентябрына чейинки мезгилде 38 мамлекеттик кызмат көрсөтүү ишке ашырылган, анын ичинен 27-автоматташтырылган кызмат көрсөтүүлөр 11-табыштама деңгээлиндеги кызмат көрсөтүүлөр кошулган.

2022-жылдан 2024-жылга чейин ЭКМП колдонуучуларынын салыштырма таблицасы:

Салыштыруу үчүн Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022 ж.

(саны)

2023 ж.

(саны)

2022-2023-ж.

Өсүш (%)

2024-жылдын январынан сентябрына чейин

(саны)

1  ЭКМП келүүчүлөрдүн саны 34095 191 536 561,77% 675 788
2 ЭКМП  келүүчүлөрдүн жалпы саны 177 257 742 263 312,72% 492 826
3 ЭКМП  боюнча пайдалануучулар тарабынан алынган кызматтардын саны 157 694 7 845 845 4726,57% 2 225 222

2024-жылдын 9 айдын ичинде ЭКМП 14 кызмат кошулду:
1) Асырап алуу жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө (форма 4);
2) Аталыкты аныктоо жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө (форма 5);
3) Фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү жөнүндө актыдан көчүрмө (форма 6);
4) Өлгөндүктү каттоо жөнүндө акт жазуусунан көчүрмө (форма 7);
5) Мүлк салыгы (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк) боюнча карызы бардыгы/жоктугу тууралуу маалымкат STI-19;
6) Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бардыгы /жоктугу тууралуу маалымкат STI-20;
7) Жарандык абалдын актыларын жазуу документтерди катоо (оцифровка);
8) Калкты тейлөө борборуна онлайн кезек (уруксаты жоктор үчүн);
9) Калкты тейлөө борборуна онлайн кезек;
10) Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде теле-, радиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында адамды жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, адамдын соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымкат алууга арыз берүү;
12) Кыймылсыз мүлктү мамлекеттик онлайн кайра каттоо;
13) Балдарга катталган жери жөнүндө маалымкат;
14) Балдарга катталган кыймылсыз мүлктүн мүлкү / жоктугу тууралуу маалымкат.

«Tunduk» мобилдик тиркемеси смартфон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берген электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын компоненти болуп саналат.
2024-жылдын 9 айында Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын мобилдик тиркемесинде төмөнкү санариптик документтер ишке ашырылган:
– Жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;
– Жалпы орто билим жөнүндө Аттестат/негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк.

2022-жылдан 2024-жылга чейин мобилдик тиркемени колдонуучулардын санынын салыштырма таблицасы:

Салыштыруу үчүн Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022 ж.

(саны)

2023 ж.

(саны)

2024-жылга өсүшү (%) 2024-жылдын январынан сентябрына чейин

(саны)

1 «Tunduk» мобилдик тиркемесин жүктөп алуулардын саны 24 824 1 168 329 32,38% 1 546 584

Ошондой эле 2024-жылдын 9 айында «Түндүк» ММнин кызматкерлери тарабынан мамлекеттик, муниципалдык органдар жана жеке уюмдар үчүн «Түндүк» ММнин маалымат системаларын пайдалануу жана санариптик документтерди көрсөтүү боюнча окуулар өткөрүлгөн, окутулгандардын жалпы саны 2325 адамдан ашыкты түзөт.

Бирдиктүү идентификациялоо системасы (БИС) маалыматка санкцияланган жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдардын электрондук порталдарынын пайдалануучуларын идентификациялоо үчүн арналган.

2022-жылдан 2024-жылга чейин БИС колдонуучулардын санынын салыштырма таблицасы:

Салыштыруу үчүн Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022 ж.

(саны)

2023 ж.

(саны)

Өсүш (%) 2024-жылдын январынан сентябрына чейин

(саны)

1 БИСтеги жаңы колдонуучулардын саны 28674

 

   341936 1503,7 % 903 096
2 БИСтеги жаңы маалыматтык системалардын саны 34 системалар 49 системалар 45,4 % 17 систем

 

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму (ЭБМС) жарандардын жана юридикалык жактардын мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.

Электрондук билдирүүлөрдүн мамлекеттик тутуму ЭКМП, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү «Түндүк» системасы, БИС жана башка маалыматтык системалар менен иштейт.
ЭБМС электрондук документ жүгүртүү шлюзу менен интеграциялоо боюнча иштер ийгиликтүү жүргүзүлдү. Эми жарандар ЭБМС жана «Tunduk» мобилдик тиркемеси аркылуу кайрылганда кайрылуу автоматтык түрдө мамлекеттик органдын документ жүгүртүү системасына келип түшөт.

2022-жылдан 2023-жылга чейин жөнөтүлгөн кайрылуулардын санынын салыштырма таблицасы:

Салыштыруу үчүн Көрсөткүчтөрдүн аталышы 2022 ж.

(саны)

2023 ж.

(саны)

2024-жылга өсүшү (%) 2024-жылдын январынан сентябрына чейин

(саны)

1 Авторизациясы менен кайрылуулардын саны 606 2 159 1930,53% 43 827
2 Авторизациясыз кайрылуулардын саны 17 1 303 211,96% 4 065

 

«Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасынын реестри жана Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестри» маалыматтык системалары маалыматтык система Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган бардык автоматташтырылган маалыматтык системалардын, программалык камсыздоонун, аппараттык камсыздоонун жана маалыматтык реестрлердин реестрин эсепке алууну камсыз кылуучу технологиялык жана уюштуруучулук чөйрөнү билдирет.

Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфраструктурасын (мындан ары – ЭБМИ) жана Базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстарды (мындан ары – БММР) пайдалануучулары болуп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, маалыматтык ресурстарды каттоочу жана маалыматты керектөөчү катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат. Юридикалык жана жеке жактар ЭБМИ жана БММРде жайгаштырылган маалыматты керектөөчү катары пайдалана алышат.
Реестрлерде төмөнкүлөр катталган:
● 105 мамлекеттик органдары
● 6 маалымат иштетүү борборлору
● 116 базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстардын реестрлери
● 592 программалык-техникалык комплекстер жана каражаттар
● 36 программалык камсыздоо

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү банктардын тиркемесине жайгаштыруу

2023-жылдын 28-августундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №430 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, сервистерди жана санариптик документтерди берүү» боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке киргизилди.
Пилоттук долбоор ийгиликтүү аяктагандан кийин бул долбоорду туруктуу негизде бекитүү чечими кабыл алынган, буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы №247 «Юридикалык жактардын мобилдик тиркемелери аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, сервистерди жана санариптик документтерди көрсөтүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому бекитилген.
Бүгүнкү күндө MegaPay, Mbank, Bakai, Мой О! мобилдик тиркемелерде ээси болгон «Кыргызмобайлкомпани» ЖЧК, «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Грин Телеком Сервис» ЖЧК ийгиликтүү ишке ашырылды.
Мамлекеттик кызматтарды жана санариптик документтерди өздөрүнүн мобилдик тиркемелеринде жайгаштыруу үчүн төмөнкү юридикалык жактарга жеткиликтүүлүк берилген:
– «Банк Компаньон» ЖАК;
– «KICB» ЖАК;
– «Бакай Банк» ААК;
– «Финка Банк»ЖАК;
– «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК;
– «Грин Телеком Сервис» ЖЧК;
– «Баланс КГ» ЖЧК
– ААК «Оптима Банк»