“DIGITAL CASA-KR” долбоорунун 2023-2024-жылдардагы ишмердүүлүгү боюнча отчету. 2-компонент “Региондук маалымат иштеп чыгуу борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер”
“DIGITAL CASA-КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ”
2-компонент “Региондук маалымат иштеп чыгуу борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер”
“Digital CASA-KR” долбоорунун алкагында “Региондук маалымат иштеп чыгуу борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер” компонентинин иш-чараларын ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Компоненттин милдети – жарандарга мамлекеттик кызматтарды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн мамлекеттик булут платформасын (Government Cloud же G-Cloud) түзүү.
Учурдагы кырдаал
Азыркы учурда, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын көпчүлүгү автономдуу маалымат борборлорун же сервердик жайларды колдонушат жана аларды иштетүү үчүн олуттуу финансылык жана адамдык ресурстарды сарпташат. Натыйжада, мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары жана санариптик маалыматтары чачыранды, дайыма эле ишенимдүү корголгон эмес, ал эми жарандар сапаттуу жана туруктуу электрондук мамлекеттик кызматтарды дайыма эле ала беришпейт.
Компоненттин алкагында кандай иштер аткарылат
Өкмөттүк булут платформасы Government Cloud (G-Cloud) түзүлөт, ал стандартташтырылган жалпы инфраструктураны жана эсептөөчү кубаттуулукту, маалыматтарды сактоо кызматтарын, хостингди, маалыматтын коопсуз алмашуусун камсыз кылуу менен профессионалдуу IT колдоону камсыз кылат. Башкача айтканда, ар бир мамлекеттик орган үчүн өзүнчө маалымат борборлорунун же сервердик бөлмөлөрдүн ордуна бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү булут платформасы түзүлүп, ишке киргизилет. Бул аянтчанын техникалык оператору «Инфоком» мамлекеттик ишканасы болот.
G-Cloud ишке ашыруунун кандай артыкчылыктары бар
Булутка негизделген платформаны колдонуу колдонуудагы инфраструктураны консолидациялоону жана мамлекеттик органдардын жабдууларын оптималдаштырууну, ийкемдүү масштабдаштырууну камсыз кылат, сервистердин үзгүлтүксүз иштөөсүн жана авариялык калыбына келтирүүнү камсыз кылуу боюнча чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, санариптик экономика жана санариптик өкмөт үчүн бекем технологиялык негиз түзүлөт. Натыйжада, мамлекет сапаттуу жана ишенимдүү Электрондук мамлекеттик кызматтарды көрсөтүп, ал эми жарандар ал кызматтарды колдоно алышат.
Эмне ишке ашырылды
G-Cloud мамлекеттик булут маалымат сактагычын түзүү үчүн тобокелдикти баалоо изилдөөсү жүргүзүлдү жана тобокелдиктерди азайтуу боюнча кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү чаралардын тизмеси түзүлдү. Кыска мөөнөттүү чаралар, башкалардын арасында G-Cloudтун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн финансы моделин иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча чараларды камтыйт.
Финансылык тобокелдиктерди азайтуу жана G-Cloud үчүн эффективдүү каржы моделин түзүү үчүн тендер жарыяланып, анын жыйынтыгында KPMG Tax and Advisory LLP (KPMG) консультант катары жалданган.
«Инфоком» МИнин учурдагы финансылык абалы боюнча баштапкы маалыматтарды чогултуу жана талдоо жүргүзүлүп, финансылык моделдин максаттары жана милдеттери аныкталган. Стратегиялык планды ишке ашыруунун жыйынтыктарын чагылдыруучу жакынкы 6-14 жылга финансылык агымдардын прогноздордун комплекси түзүлдү. Тобокелдик факторлоруна талдоо жүргүзүлдү жана финансылык моделдин үч сценарийи менен тобокелдиктерди азайтуу стратегиясы иштелип чыкты: пессимисттик (максималдуу тобокелдиктерди жана алардын кесепеттерин эске алуу менен); оптимисттик (пландалган темпке ылайык, тобокелчиликсиз өнүгүү); консервативдик (өнүктүрүүнүн эң ыктымалдуу натыйжасы). G-Cloud каржы моделинин акыркы версиясынын презентациясы 2024-жылдын февраль айынын аягында болгон.
Мамлекеттик булут сактоочу жайды, анын ичинде жабдуулардын техникалык спецификациясын жана коштоочу кызматтарды түзүү боюнча деталдуу дизайн иштелип чыкты жана G-Cloud мамлекеттик булут сактоочу жайын түзүү жана колдонуудагы маалымат системаларын Миграциялоо үчүн маалыматтык системаны жана жабдууларды жеткирүү үчүн компанияны тартууга конкурс жарыяланды. Конкурска катышуучулардын сунуштарын техникалык жана финансылык баалоо боюнча отчет даярдалды жана конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурстун жеңүүчүсү аныкталды жана “АМТ Групп” АК Консорциуму жана “Терратек” ЖЧКсы менен келишимге кол коюлду.
Күтүлгөн натыйжа
Иштин жыйынтыгы боюнча долбоордун алкагында ишке ашырылып жаткан G-Cloud платформасында кеминде 7 мамлекеттик орган жайгашат. Ошондой эле, кеминде 15 мамлекеттик маалымат тутуму жалпы G-Cloud инфраструктурасында жайгаштырылат. G-Cloud колдонуучуларга төмөнкү кызматтарды көрсөтөт: (1) криптографиялык маалыматтарды түзүү, сактоо жана иштетүү кызматы (HSM – аппараттык коопсуздук модулу), (2) сактоо ресурстарын камсыздоо кызматы, (3) мамлекеттик органдар үчүн веб-сайттын конструктор кызматы (Website Builder).
Маалымат катары:
“Digital CASA – Kyrgyz Republic” (DCASA-KR) долбоору улуттук санариптик экосистеманы төрт негизги компонент боюнча өнүктүрүүгө багытталган:
Региондук санариптик инфраструктура: жеке сектордун инфраструктурасын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана региондук жана улуттук деңгээлде кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу аркылуу жарандар, бизнес жана өкмөт үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу стационардык интернетке көмөк көрсөтүү;
региондук маалымат иштеп чыгуу борборлору, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер: мамлекеттик органдардын IT-инфраструктураларын консолидациялоо жана оптималдаштыруу жана ийкемдүү масштабдоону камсыз кылуучу мамлекеттик булут платформасын түзүү, бул аларды тейлөөгө кеткен чыгымдарды азайтат;
Санариптик экономика үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик экономикага тиешелүү мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды бекемдөө жана шайкеш келтирүү, анын ичинде ЕАЭБ контекстинде саясатты жана стратегияны иштеп чыгуу, санариптик лидерлик, санариптик экономика көндүмдөрү жана стратегиялык коммуникациялар, анын ичинде жарандарды тартуу боюнча иш-чаралар;
Долбоордун эффективдүү операцияларын жана натыйжаларга жетишүүнү колдоо үчүн долбоорду башкаруу.