КР СӨМгө караштуу Калкты каттоо департаментинин 2023-2024 – жылдардагы ишмердүүлүгү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин (мындан ары – Департамент) негизги максаттарынын бири калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын жазуу жаатында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Департамент калкты каттоо боюнча 29 мамлекеттик кызмат көрсөтөт.
Укуктук – ченемдик актыларды иштеп чыгуу
1. 2023–2024-жылдар аралыгында 19 ченемдик укуктук акт иштелип чыгып, анын ичинен 8и кабыл алынган.
Мамлекеттик кызматтар көрсөтүүлөр:
2023-жылы 3 303 640 мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн, анын ичинен ТОП 3 кызмат:
– паспорт менен документтештирүү – 1 107 679;
– жашаган жери боюнча каттоо – 669398
– Чет өлкөлүк жарандарды каттоо – 668 844 (656 396), онлайн – 16 279;
Ал эми үстүбүздөгү жылдын 8 айында 2 153 188 кызмат көрсөтүлгөн.
Санариптик документтер
Түндүк электрондук кызматтардын мамлекеттик порталында жана Түндүк тиркемесинде төмөнк€ кызматтар жеткиликт€€:
1. Бир жолку “Балага сүйүнчү” төлөмдүн статусун текшерүү;
2. Бир жолку “Балага сүйүнчү” төлөмүн алуу үчүн арыз берүү;
3. Идентификаицялык жеке номердин күбөлүгү;
4. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн маалымат;
5. №1 формадагы туулгандыгы тууралуу акт жазуусунан көчүрмө;
6. Убактылуу каттоо тууралуу даректик маалымкатын алуу;
7. Жашаган жери боюнча маалымкатын алуу;
8. Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу маалымат алуу;
9. Никенин ажыратылгандыгы тууралуу маалымат алуу;
10. Ажырашкандыгы тууралуу акт жазуусунун №3 формасындагы көчүрмө;
11. Никеге катталгандыгы тууралуу маалымат алуу;
12. Табылгандар бюросу маалыматын алуу;
13. е-ID паспортунун статусун текшерүү;
14. Кош ИЖН берилгенге кайрылуунун статусун текшерүү;
15. Паспорттун даярдыгын текшерүү;
16. Санариптик паспорт;
17. Санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
18. Санариптик нике күбөлүгү;
Жарандарды жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо.
2024-жылы “Түндүк” порталындагы жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси төмөнкү жаңылыктар менен толукталды:
– Маалымкаттар жана жарандык абалдын актыларынын көчүрмөлөрү.
– “Жарандык абалдын актыларын санариптештирүү” кызматы.
Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (KOICA) “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын потенциалын модернизациялоо жана өнүктүрүү сервистерин киргизүү боюнча долбоордун алкагында 2024-жылдан тартып “Түндүк” ЭМКП ишке ашыруу жана жайгаштыруу үчүн төмөнкү актуалдуу сервистер иштелип чыгууда:
– КР жаранынын паспортун алмаштырууга арыз берүү.
– Жашаган жери боюнча каттоого арыз берүү.
– Никенин бузулушун каттоого арыз берүү.
– Аты-жөнүн өзгөртүүгө арыз берүү.
Мындан тышкары, “Түндүк” мамлекеттик башкармалыгында никеге турууну мамлекеттик каттоого онлайн-арыз берүү функциясы аягына чыгарылууда. Азыркы учурда “Түндүк” порталы аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жери боюнча каттоого арыз берүү жана никеге турууга арыз берүү кызматтарын тестирлөө жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү.
Калкка айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү шарттарын түзүү максатында 2019 – жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 242 айыл өкмөтү менен, ал эми 2022-жылы дагы 25 айыл өкмөтү менен ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн. ЖӨБО 2022-жылдын 1-мартынан тартып төмөнкү кызматтарды көрсөтүшөт:
1. ID-карталарды алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана аны берүү;
2. ЖЖП алмаштырууга документтерди кабыл алуу жана берүү;
3. Баланын туулгандыгын каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;
4. Никени каттоо, ошондой эле нике күбөлүгүн берүү;
5. Өлгөндүктүү каттоо, ошондой эле өлүм жөнүндө күбөлүк берүү;
6. Жарандарды жашаган жери жана турган жери боюнча каттоо;
7. “Балага сүйүнчү”арызын кабыл алуу.
2022-жылдын 1 мартынан 2023-жылга чейин республиканын айыл өкмөттөрү тарабынан 235080 мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн.
2024 – жылы жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформаны эске алуу менен айыл өкмөтү менен келишимдер кайрадан түзүлүп, азыркы учурда 111 айыл өкмөтү айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимге ылайык кызмат көрсөтүүдө.
Мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоо
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-декабрындагы 565 Жарлыгы менен “Учкун” ачык акционердик коому (ААК) мамлекеттик маанидеги документтерди, так отчеттуулук бланктарын жана атайын мамлекеттик бланктарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтердин бланктарын даярдоочу болуп дайындалды.
2024-жылдын 31-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору бериле баштады, алардын бланктары “Учкун”ААК тарабынан даярдалган. Паспорттор эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берген контактсыз электрондук чип менен жабдылган. Чипте биометрикалык маалыматтар, манжа издери, электрондук кол тамга жана жүздүн санариптештирилген сүрөтү камтылган. Паспорттордо үч катмар коргоо жана 20дан ашык коргоочу элементтер бар.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун акысыз алмаштыруу акциясы 2024-жылдын 1-июлунда башталып 2024-жылдын 30-августуна чейин уланган. Акциянын жүрүшүндө паспортту акысыз алмаштырууга 100 754 анкета-арыз кабыл алынды. Кампаниянын жүрүшүнө байланыштуу региондор аралык бөлүмдөрдүн иш графиги өзгөртүлдү: 2024-жылдын 1-июлунан 30-августуна чейин кызматкерлер жарандарды 8:00дөн 18:00гө чейин кабыл алышты.
“Мекен карты” ишке кирди 2023-жылдын 13-мартынан тарта “Мекен карт”алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. “Мекен карт” чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусун тастыктаган мамлекеттик маанидеги документ болуп саналат. 2023-жылы региондор аралык бөлүмдөр тарабынан 50 өтүнүч кабыл алынып, анын ичинен 23 “Мекен карт” берилген, 2024-жылы 57 өтүнүч келип түшкөн, 30 күбөлүк берилген.
Чет өлкөлүк жарандарды онлайн режиминде каттоо
2023-жылдын 12-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №349 токтомуна ылайык 2023-жылдын 24-июлунан тартып чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму аркылуу жүргүзүлөт.
Каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана региондор аралык бөлүмдөргө (РАБ) баруу жана кезек күтүүнү жокко чыгаруу үчүн 2023-жылдын 24-июлунан тартып https://ereg.e-gov.kg/. сайтта онлайн арыз берүү кызматы да иштей баштады. Азыркы учурда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо региондор аралык бөлүмдөр аркылуу оффлайн режиминде, ошондой эле аталган сайт аркылуу онлайн режиминде жүргүзүлөт.
2023-жылы онлайн режиминде 16 279 чет өлкөлүк жаран катталган. 2024-жылы онлайн каттоо кызматы дагы популярдуу болгондугуна байланыштуу алгачкы 8 айда 17 157 чет элдик жаран катталган.
Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган иш-чаралар
Бүткүл республика боюнча жергиликтүү өз алдынча органдары, “Инфоком” МИси жана “Кыргыз почтасы” ААК менен биргеликте жарандарды документтештирүү маселелери боюнча көчмө иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
2023-жылы 4 көчмө иш-чара өткөрүлдү:
– 16.01.2023-30.01.2023 — Бишкек шаарынын 21 жергиликтүү аймактык башкарууларына мобилдик чыгуулар болду. Натыйжада шаардын төрт районунда 1833 мамлекеттик кызмат көрсөтүлдү. Тургундар жашаган жери боюнча каттоо (705 кайрылуу), идентификациялык жеке номер (ИЖН) маселеси (197 кайрылуу), КР жаранынын паспортун алуу (83 кайрылуу) жана электрондук кол тамга (103 кайрылуу) маселелери боюнча кайрылышкан. Мындан тышкары, 580 жаран документтештирүү маселелери боюнча консультацияларды алышты.
– 04.03.2023-10.03.2023 — Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирдикте Баткен облусунун Баткен району боюнча көчмө чыгуулар.
– 03.07.2023-28.07.2023 — Чүй жана Баткен облустары боюнча көчмө чыгуулар.
– 09.11.2023-24.11.2023 — Сокулук жана Москва райондорунун алыскы калктуу пункттарына мобилдик чыгуулар.
2024-жылдын август айында Токмок шаарынын психоневрологиялык интернат-үйүнө жана Чүй районунун интернат-үйүнө баруулар жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө документтештирүү үчүн 156 арыз кабыл алынган.
Ошондой эле 03-02 Региондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери Кадамжай районунун психоневрологиялык стационардык ооруканага барып, 71 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын документтери таризделген.
2023-жылдын башынан тартып КТБ/бөлүмчөлөрдүн ачылгандыгына байланыштуу РАБдын 6 көчүүсү ишке ашырылды:
1. КТБга өтүү:
– 06.02.2023-ж. Кемин шаарында КТБ ачылышы;
– 24.11.2023-ж. Чолпон-Ата шаарында КТБнын ачылышы;
– 01.04.2024-ж. Балыкчы шаарында КТБ ачылышы;
– 28.07.2024-ж. Жайыл районунун 08-02 РАБ КТБГА көчтү.
2. КТБ/бөлүмчөлөрдү оңдоо/ачуу:
– Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Талды-Булак айылындагы бөлүмчө райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен оңдолду;
– жеке сектордун каражаттарынын эсебинен Ош шаарында Туран мкр. бөлүмчө ачылды.
– Чаткал районунун Сумсар айылындагы бөлүмчөнүн иштери жандандырылды;
– Ноокен районунун Бүргөндү айылында бөлүмчөнүн иштери жандандырылды;
– Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарыда бөлүмчөнүн иштери жандандырылды;
– Ноокат районунун Бел айылындагы бөлүмчө ачылды.
Ошондой эле, калкка жана кызматкерлер үчүн шарттарды түзүү максатында КТБ форматындагы талаптарга жооп берген башка имараттарга 04-02 РАБ көчүрүү пландаштырылууда, мындан тышкары кичи-КТБ форматында РАБды ачуу үчүн Майлуу – Суу шаарындагы мурдагы китеп дүкөнүнүн имаратын оңдоо пландаштырылууда.
Жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2023-жылдын башынан тартып Департаменттин бөлүмдөрүнүн иш тартибине бир нече өзгөртүүлөр киргизилген:
1. Бардык Региондор аралык бөлүмдөр жарандарды жайкы график боюнча саат 08.00-20.00дө ийкемдүү түшкү тыныгуу менен кабыл алышты;
2. Бишкек шаарынын Биринчи май жана Октябрь райондорунун Региондор аралык бөлүмдөрү 20.12.2023-жылдан тартып 29.12.2023-жылга чейин жарандарды 08.00-20.00 дө ийкемдүү түшкү тыныгуу менен кабыл алышты;
3. 20.09.2023-ж. тартып – республика боюнча бардык Региондор аралык бөлүмдөр 09.00-18.00 графиги боюнча ийкемдүү түшкү тыныгуу менен иштешти;
4. 18.01.2024-ж.тартып – республика боюнча бардык Региондор аралык бөлүмдөр 08.00-18.00 графиги боюнча ийкемдүү түшкү тыныгуу менен иштешет.
«Фронт-офис» жана «бэк-офис» долбоору коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга жана операторлордун санын көбөйтүү аркылуу калкты тейлөө борборундагы кезек күтүүнү кыскартууга багытталган. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде КТБ операторлоруна жарандык абалдын актыларын жазуу органы аркылуу документтерди кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу/чыгуу, жашап турууга уруксат берүү жана күбөлүктөрдү берүү функциялары жүктөлгөн.
1. 17.04.2023 – 10/01/2023 – “Фронт-офис” жана “бэк-офис” иштөө принцибинин негизинде жети калкты тейлөө борборунда пилоттук долбоор ишке киргизилди;
2. 12/01/2023 – 04.01.2024 – “фронт-офис” жана “бэк-офис” принциби боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу улантылды.
Архивдик документтерди санариптештирүү жана ПИНдерди иштетүү
Жалпысынан Департаменттин архивинде 13 242 130 жарандык абалдын актылары жазуулары бар, 2023-жылы 4 158 311 жарандык абалдын актылары жазуулары санариптештирилген, санариптештирилбеген жазуулардын калдыгы 9 089 819 жазууну түзөт.
Коомчулук менен байланыштар
Департамент жарандардын ишеним телефонуна кайрылууларын такай көзөмөлдөп турат.
2023-жылы “119га” жарандардан 1006 кайрылуу, 2024-жылдын 8 айында 419 кайрылуу түшкөн.
Кайрылууларды кароонун жыйынтыгы боюнча Департамент төмөнкү материалдарды кийинки кароого өткөрүп берди:
– этика боюнча комиссияга – 30
– кызматтык текшерүү жүргүзүү үчүн – 9.
Ошондой эле, жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жарандарды кызыктырган суроолор жана даттануулар үчүн жооптуу кызматкерлердин ыкчам жооптору менен ачык Telegram каналы ачылды. Суроолор жана сунуштар Департаменттин социалдык тармактарына да түшүп турат. Ар бир маселе боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, арыз-даттанууларга оперативдүү түрдө жооп кайтарылат. Айына телеграм аркылуу келип түшкөн 1200дөй суроо-талап каралат.
Кыргыз-өзбек кызматташтыгы
2024-жылдын 24-апрелинен 30-апрелине чейин бөлүм Кадамжай районуна барып, Кара-Жантак айылынын тургундарынан Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу боюнча арыздарды кабыл алууну уюштурган
Кара-Жантак айылында 583 тургун жашайт, анын ичинен 396 чоңдор жана 187 балдар. Иштин жүрүшүндө жарандык алуу боюнча 405 арыз кабыл алынган.
2024-жылдын 7-августунда Баткен облусунун Кадамжай шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жумушчу топторунун жыйыны болуп, анда Кыргыз-өзбек чек арасындагы Каражантак конушунун, Жаңы-Жер жана Тазалоочу жайдын жашоочуларын Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгын жоготуу боюнча документтерди даярдоо маселелери боюнча суроолор талкууланган.