“Digital CASA. Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында мониторинг жана баалоо адисине конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги “Digital CASA. Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруунун алкагында (грант № 6200 кредит № D2790) төмөнкү бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт: Мониторинг жана баалоо адиси

 Талапкер төмөнкү критерийлерге жана квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

  • Экономика, социология, бизнести башкаруу, маалыматтарды башкаруу, статистика жана башка тиешелүү тармактарда жогорку билим;
  • Эл аралык донордук уюмдар тарабынан каржыланган долбоорлордо иш тажрыйбасы (кеминде 2 долбоор);
  • Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жана баалоо инструменттерин колдонуу боюнча билим жана тажрыйба;
  • Орус жана англис тилдерин жакшы билүү, кыргыз тилин билүү артыкчылык болуп саналат.

Резюмеңизди орус жана англис тилдеринде 2024-жылдын 26-мартында саат 17.00дөн кечиктирбестен stepcitc@mail.ru, k.kadyshev@dcasa.kg, d.anarbekov@dcasa.kg электрондук даректерине жөнөтүңүз. Маектешүү үчүн эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Квалификациялык талаптар жана техникалык тапшырмалар тууралуу кошумча маалыматты www.donors.kg, www.zakupki.gov.kg жана http://digital.gov.kg сайттарынан тапса болот.