Бишкекте ЖӨБ органдары үчүн санариптик көндүмдөрдү жогорулатуу окуусу башталды

img

2025-жылдын 22-сентябрында Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду менен биргеликте, DVV International жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен жергиликтүү администрациялардын, айылдык кеңештердин жана демилгелүү топтордун өкүлдөрү үчүн эки күндүк окуу программасын баштады.

Бул демилгенин негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын санариптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, шаар менен айылдын санариптик шарттарындагы айырмачылыкты азайтуу жана жаңы технологияларды колдоно билген адистерди даярдоо.

Иш-чаранын ачылышында министрдин орун басары А.С. Пирмаматов мындай деди:
«Биз “тренерлерди окутуу” форматын киргизип жатабыз. Аны менен катышуучулар жаңы билимди өздөштүрүп гана тим болбостон, аны кесиптештери жана жергиликтүү коомчулук менен да бөлүшүп, санариптик компетенциялардын өсүшүнө түрткү берет».

Программанын негизги багыттары:
– Заманбап технологиялар жана жасалма интеллект: QR-коддорду түзүү, жасалма интеллект аркылуу презентация, текст, визуалдык материалдарды жана аналитикалык маалыматтарды даярдоо;
– Жасалма интеллект куралдары: ChatGPT, Gemini, DeepSeek менен иштөө, туура суроолорду (промптторду) түзүү жана ЖӨБ органдарынын негизги маселелерин чечүүдө колдонуу;
– Онлайн байланыш: Zoom, Google Meet, Microsoft Teams платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү, Telegram жана WhatsApp аркылуу топторду жана маалыматтык каналдарды уюштуруу;
– Практикалык тапшырмалар: иш-чаралардын пландарын түзүү, ЖИ менен контент жаратуу, жарандар менен байланыш үчүн санариптик куралдарды ишке киргизүү.

Окуу программасы 2025-жылдын 22–23-сентябрында Бишкек шаарындагы Ololo Planet креативдүү мейкиндигинде өтүүдө.

Бул демилге ЖӨБ органдарынын кызматкерлерине жана активисттерге заманбап куралдар менен бирге аларды колдонуу боюнча ишеним берип, жарандар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.