VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму
2025-жылдын 13–15-августунда Чолпон-Ата шаарында өткөн VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ортосунда санариптештирүү жана туруктуу өнүгүү боюнча диалогго арналган маанилүү аянтчага айланды.
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри Азамат Жамангулов «ЕАЭБдеги туруктуу өсүштүн жана технологиялык кооперациянын фактору — санариптик көз карандысыздык» темасындагы пленардык сессияда баяндама жасап, өлкөнүн санариптик өнүгүүдөгү негизги приоритеттерин белгиледи. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
• заманбап IT-инфратүзүмүн өнүктүрүү;
• ЕАЭБдин интеграциялык долбоорлоруна катышуу;
• мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
• маалыматтык технологиялар тармагындагы кадрларды даярдоо.
Форумдун алкагында кызматташуу боюнча эки меморандумга кол коюлду:
1. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен — санариптик трансформация жана IT-долбоорлорду колдоо боюнча;
2. «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясы менен — космосту тынчтык максатта өздөштүрүү багытында кызматташуу боюнча.
Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Ооганстандан келген делегация менен жолугушуу болуп, анда кыргыз тарабы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү боюнча тажрыйбасы жана «Түндүк» системасын ишке ашыруу тууралуу маалымат берди.
VII Кыргыз-Орус экономикалык форуму санариптик мейкиндиктеги эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп калды.




