Tunduk колдонмосунда жаңы санарип документ – ОСАГО полиси

ОСАГО полиси эми санарип документ катары Tunduk мобилдик колдонмосунда жеткиликтүү болду. Эми бардык камсыздандыруу компанияларынан алынган жарандык авто жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полистери автоматтык түрдө санарип форматта жеткиликтүү. Tunduk колдонмосунун колдонуучулары полисти каалаган убакта түз эле смартфондон көрө алышат.
Санарип документ маалыматка жетүүнү жеңилдетет, кагаз көчүрмөсүн алып жүрүү зарылдыгын жокко чыгарат жана жоготуу коркунучун азайтат. Бул жаңы функция – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жүргүзүп жаткан мамлекеттик жана жарандык кызматтарды ыңгайлуу, жеткиликтүү жана коопсуз кылууга багытталган кеңири санарип трансформациясынын бир бөлүгү.
Бул демилге Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги, «Түндүк» Мамлекеттик мекемеси жана Кыргыз камсыздандыруучулар ассоциациясы тарабынан ишке ашырылды.